Мусулман дүйнөсүндө секталык кагылышуу барбы?

Сунниттер менен шииттердин ортосунда тарыхый айырмачылык болгон, бирок муну 21-кылымда согуш чыгаруу үчүн көкүтүүнүн кажети жок.

426010
Мусулман дүйнөсүндө секталык кагылышуу барбы?

Мусулман көпчүлүк жашаган аймактардагы негизги кагылышуу мусулман дүйнөсүндө уланып жаткан жапырт секталык согуштар болуп жатканы сыяктуу көрсөтүлүүдө. Кагылышуу болуп жатканы туура, бирок чындык абдан башкача.

Сирия, Ирактан тартып Бахрейнге жана Ливанга чейин суннит жана шиит мусулман коомчулуктар согуш, тобу менен чыңалуулар, жакырчылык, экономикалык теңсиздик, зулумдук, ортомчулар кийлигишкен согуштар, согушкерлер жана буга окшогон толгон нерселер менен алпурушуп жатышат. Ар бир маселенин этникалык жана секталык айырмачылыктарга байланышы болгон бир канча кыйынчылыктары бар. Бул маселелердин артында өздүк саясаты жатат жана жөнөкөй эле соцоэкономикалык жана саясий маселелерди ашкереликти жактаган өздүк талаштарына айландырышууда. Ливандагы суннит-шиит кагылышуусу секталык өздүктөр сыктуу эле күч жана көзөмөлдү колго алууга жүргүзүлгөн күрөшкө да байланыштуу. Сириядагы согуш болсо суннит же шиит, Ислам менен байланышы аябай аз. Ошондуктан чечүүчү роль ойногондордун этникалык же секталык өздүктөрүнө карабастан бул араб өлкөсүнүн келечегин ким формаландыра турганына байланыштуу болуп турат.

Европада 16-17-кылымдарда католиктер менен православдардын ортосундагы диний согуштар өздүк сыяктуу эле күч жана үстөмдүккө да байланыштуу эле. Ошондой эле түрдө мусулман дүйнөсүндөгү учурдагы секталык чыңалуулар, Исламда суннит-шиит бөлүүчүлүгүнө себепчи болгон тарыхый окуялардын тышында бир топ нерседен келип чыгууда. Кимдин Ислам пайгамбарынын биринчи халифат катары мураскору болууга укуктуу болгону суроосу, негизинен эзелки Ислам тарыхындагы суннит-шиит айырмачылыктарынын башталышы катары каралууда. Сунниттер пайгамбардын сахабаларынан Абу Бакирди коомчулуктун орток көз карашы боюнча алгачкы халифат катары тандагандарын жакташууда жана бул да пайгамбарлардын мураскорлугунун диний жана саясий мыйзамдуулугун түзүүдө. Шииттер болсо Али бин Аби Талиптин пайгамбардын мураскору катары тандалуусу керек эле деген ойлорун жакташууда.

Бир топ маанилүү суроо менен катар пайгамбардын мураскорлугуна байланышкан түшүнүшпөстүк, Исламдын суннит жана шиит тармактарынын жогорулашында маанилүү роль ойногон. Бирок бул эки мектеп Ислам ишеничинин жана цивилизациясынын негизги элементтерин бөлүшүүдө. Укукта, илимде, философияда, искусстводо жана мистикада Алланын бирөө экенин жана адамдын улуулугун жактап келишти. Имам Жафер ал-Садыктан Имам Абу Ханифага чейин, Ибн Синадан Назир ал-Дин аль Тубсиге чейин, Имам Газалиден Молла Садрага чейин суннит жана шиит мектептеринин алдыңкы кишилери классикалык Ислам цивилизациясынын башкы пикирлерин ачык түрдө сөз кылышууда. Бүгүнкү маселе бул тарыхый беттешүү жана бөлүнүүнүн ордуна макулдашуу жана биримдик жагынан сереп салынууда. Мусулман үй-бүлөлөрүнүн жана интеллектуалдардын Ислам тарыхына кеңири кароону өнүктүрүү жана тарыхтын жана заманбап дүйнөнүн кыйынчылыктары менен бетме-бет келген суннит-шиит мусулмандарга жаңы багыт бериш үчүн ойноолору керек болгон абдан маанилүү ролдору бар.

Учурда секталык кагылышуу катары аталган нерсенин артында көбүнчө өздүк саясаты жана улут мамлекет кызыкчылыгы жатат. Бардык заманбап улут мамлекеттер сыяктуу мусулман улут мамлекеттердин көбү жеке кишинин кызыкчылыктары багытында кыймыл кылууда жана этникалык жана секталык өздүктөрүн колдонууга аракет кылышууда. Улут мамлекеттердин кызыкчылыктары менен өздүк саясатынын коркунучтуу бирикмеси коомчулуктарда бөлүнүүлөргө себеп болууда. Бул да нормалдуу социо-саясий чөйрөдө айырмачылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө боло алат.

Бул жерде негизинен көз жаздымда калган маанилүү бир фактор бар; согуштар, ийгиликсиз мамлекеттер жана күчсүз өкмөттөр коомчулуктардын этникалык жана секталык түзүлүштөрүнө карабастан аларды чоң социалдык жана психологиялык зыянга учуратууда. Ал эми булар саясий системанын ийгиликсиздигин мыйзамдаштырып секталык кагылышууларга айланууда. Сириядагы согуштун Ирак жана Йемендеги күчсүз өкмөт түзүлүштөрүнүн мусулман дүйнөсүндөгү суннит-шиит чыңалуусунун эң маанилүү булагы болушу бекеринен болбосо керек. ДЕАШ сыяктуу зомбулукка батынган ашкере топтор жана террор уюмдары Сириядагы согуштан, Йемендеги киши өлтүрүүчү күрөштөн, Ирактагы күчсүз өкмөт түзүлүшүнөн жана Ооганстан, Нигерия, Малидеги борбордук бийликтин боштугунан пайдаланышууда.

Айрым караңгы ашкере көз караштагы кишилер суннит же шиит Исламдын атынан согушуп жаткандарына чын дилден ишениши мүмкүн. Табигый түрдө, жогоруда белгиленген тарыхый айырмачылыктарды үлгү катары көрсөтүшүүдө. Өздөрүнүн ашкере кыймылдарын мыйзамдаштыруу үчүн башка жактын кол салуучулугун да үлгү кылып көрсөтүштү. Бирок көпчүлүк убакта бул согуштар дүйнөдө күчтү колго алуу жана таасирдүү болуш үчүн жасалууда. Суннит жана шиит өздүктөр эртедир кечтир бийлик талашын акылуу кылыш үчүн колдонулуп жатат.

Сунниттер жана шииттердин ортосундагы тарыхый айырмачылыктар белгилүү жана кабыл алынышы керек, бирок буларды 21-кылымда жаңы согуштарды баштоо үчүн көкүтүүнүн кажети жок. Бул үчүн эки жактуу мамиле кылыш керек.

Биринчиси мусулман аалымдар, интеллектуалдар, диний бийликтегилер жана коомчулуктун лидерлери мүриттерине душмандык жана кагылышуунун ордуна тынчтык жана макулдашуу жолун көрсөтүүлөрү керек. Ханафий укук мектебинин куруучусу болгон Имам Абу Ханифа (д.767) жана алтынчы шиит имамы жана Жафария укук мектебинин куруучусу болгон Имам Жафар аль-Садыктын (д.765) илимий баарлашууларды өткөрүшүп, бири-биринен үйрөнгөндөрү сыяктуу, учурдагы мусулман аалымдары да макулдашуу жана биригүү чөйрөсүн колдоого алуулары зарыл. Суннит жана шиит лидерлер эң чоң жамандыктардын жана апааттардын алдында дагы тынчтык жолун көрсөтүүлөрү зарыл жана бардык зомбулукту камтыган ашкереликтерди айыптоолору керек.

Экинчиси, мусулман өлкөлөрдөгү согуштар, ийгиликсиз мамлекеттер жана күчсүз өкмөттөр зомулукту камтыган ашкереликтин кемчиликтеринен пайдаланууларына бөгөт болуш үчүн каралып чыгышы керек. Бул үчүн эр жүрөк саясий лидерлик жана дасыккан мамлекеттик кишилик керек. Антпесе Сирияда жана Йеменде уланып жаткан согуштар, Ирак жана Ооганстандагы чоң коопсуздук маселелеринин ыраатсыздык жана кыйроонун булагы болуусу улана берет.Ошондой эле саясий мүмкүнчүлүк издегендер жана ашкере көз караштагы топтор тарабынан секталык курч кырдаалды көкүтүү үчүн колдонула берет.

Имам Байхаги (д.1066) Мухаммед пайгамбарга шилтеме кылып бул сөздөрдү жазган: «Эгерде сага бир доо келсе, Алланын китебинде тапканын менен башкар. Эч нерсе сени Алланын китебинен башка нерсе менен башкарууга өткөрбөсүн. Эгерде бир маселе туурасында Алланын китебинде өкүм таба албасаң, Пайгамбардын сүннөтүнө жана ишке ашыруусуна кайрылып аны менен башкар. Эгер менин сүннөтүмдө табылбаса, сахабалардын айткандарын кара. Сахабаларым көк асмандагы жылдыздар сыяктуу. Ичинен кайсынысын тандасаң дагы ал сага жол көрсөтөт. Сахабалардын айырмачылыктары сен үчүн бир баалуулук». Акыркы сүйлөм, «үммөтүм арасындагы айырмачылыктар баалуулук болуп саналат», деп түшүндүрүлгөн. Бул сөздүн түшүндүрүлүшүнө байланыштуу талашты бир жакка койсок, мааниси ачык жана учурдагы мусулмандарга багатталганын көрүүдөбүз. Айырмачылыктарыбыздын баалуулугун билүү үчүн бардыгыбыз бул сөздөрдүн гумандуулугуна сыйынып, түшүнүшпөстүк жана кагылышуунун ордуна күч жана байлык булагы катары кулак салышыбыз керек.

Ибрахим Калын



Тектеш кабарлар