Анкара чебине саякат

КТРК жана Эл ТРдин кызматкерлери Анкара чебин кыдырып таң беришти.

424908
Анкара чебине саякат

Анкара шаарынын борборундамындан болжол мененалганда 4-5 миңжыл мурда галаттар тарабынан курулган чеп бар экен.

Бул чеп өз мезгилинде шаарды душмандардан коргоп турган чеп болсо керек себеби бүгүнкү тынчтык күндө чокусуна чыгып караганда бүтүн Анкара шаары жана анын айланасы алаканга салгандай көрүнүп турат экен.

Биз КТРКдан Райгүл Чаргынова жана Усубалы Мамбетов,ЭлТРден Салават Эркитаева жана Адилет Жумабеков болуп таштан курулган тепкичтерден акырындап көтөрүлүп отуруп чокусуна чыктык . Ортосуна жеткенде тегерете таш менен курчалган эч жылчыксыз ордо оюндары же жоокерлердин күч сынашуучу таймаштары өтүп турган ордо сындуу үстүнөн элдер жабалактап карап сүрөп туруучу жайды көрдүк , өтө сүрдүү таасир калтырды.

Чепти тегерете курулган таштан айнектер жана андагы таштан ойуп жасалган жылчык терезелер бар, дүрбү менен караса кыбыр эткен жандын кыймылы алаканга салгандай көрүнүп , душмандарды күзөттө турган кароолчулар найзасын жана мылтыгын коюп карап кайтарып турган элестерди берет.

Чептин күн батыш жагында мечит жана тегерегинде кийинки кылымда курулган уйлөр бар , ал жерде урап бара жаткан үйлөрдү кайрадан реставрациялап азыркы учурда адамдар жашап, туристтер үчүн жатаканалар жана белектер , колдон токулган буюмдар, сувенирлер сатылуучу дүкөнчөлөр кызмат кылууда .

Бул чепте галаттардан кийин байыркы хеттер тургуза баштап , андан кийин римдиктер, византиялыктар жашаган экен.

Ошол мезгилден кабар берип турган бул тарыхый эстелик чеби дагы далай жылдар урабай, урпактарына эстелик болоор ...



Тектеш кабарлар