Ковид вирусу ракты дарылоодо колдонулат

Америкалык илимпоздор жаныбарлардын жана адамдын ткандарын колдонуп, ооруну пайда кылуучу SARS-CoV-2 вирусунун РНК молекулалары иммундук системада ракка каршы касиеттери бар өзгөчө клетканын өнүгүшүнө түрткү берерин байкашкан.

2212082
Ковид вирусу ракты дарылоодо колдонулат

COVID инфекциясы менен шишиктердин көлөмүнүн азайышына алып келген рактын регрессиясынын ортосунда байланыш табылды.

Америкалык илимпоздор жаныбарлардын жана адамдын ткандарын колдонуп, ооруну пайда кылуучу SARS-CoV-2 вирусунун РНК молекулалары иммундук системада ракка каршы касиеттери бар өзгөчө клетканын өнүгүшүнө түрткү берерин байкашкан.

Окумуштуулардын айтымында, «индукциялануучу классикалык эмес моноциттер» же «I-NCMs» деп аталган бул атайын клеткалар рак клеткаларына кол салышат.

Окумуштуулардын айтымында, бул ачылыш ракты дарылоонун жаңы жолун ачат. Бул клеткалар учурдагы дарылоого туруктуу рак ооруларын дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Катуу COVID-19 менен активдештирилген клеткаларды рак менен күрөшүү үчүн дары менен стимулдаштыра аларын тапкан илимпоздор өзгөчө меланома, өпкө, эмчек жана жоон ичеги рагына каршы жооп көрүшкөнүн белгилешти.

Изилдөө дагы эле алгачкы баскычында жана анын эффективдүүлүгү жаныбарларда гана изилденгенине карабастан, бул ыкманын башка дарылоолорго жооп бербеген рак оорусуна чалдыккан бейтаптарга да пайда алып келе турганына үмүт бергени белгиленди.



Тектеш кабарлар