Индияда уулуу жыланды эки жолу тиштеп өлтүргөн киши

Окуя Навада шаарындагы темир жолдун долбоорунда болгон.

2159893
Индияда уулуу жыланды эки жолу тиштеп өлтүргөн киши

Индиянын Бихар провинциясында уулуу жылан чаккан темир жолчу кармаган сойлоп жүрүүчүнү эки жолу тиштеп өлтүрдү.

Окуя Навада шаарындагы темир жолдун долбоорунда болгон.

Темир жолчу Сантош Лохарды курулушта уктап жаткан жеринен уулуу жылан чаккан. Мындай абалга ачууланган 35 жаштагы Лохар темир таяк менен кармаган жыланды эки жолу тиштеп өлтүргөн.

Окуядан кийин темир жол кызматкерлери Лохарды дарылануу үчүн жакын жердеги ооруканага алып барышкан.

Лохар:"Менин айылымда жылан чакса, ууну зыянсыздандыруу үчүн аны эки жолу тиштеш керек деген ишеним бар", - дейт.  

Ооруканадан жасалган билдирүүдө дарылоосу уланып жаткан Лохардын өмүрүнө коркунуч жок экени, ден-соолугунун абалы жакшырып баратканы белгиленди.



Тектеш кабарлар