Гүлдүү өсүмдүктөрдү күтүп жаткан коркунуч

Гүлдүү өсүмдүктөрдүн 45 пайызы жок болуу  коркунучунда экендиги белгиленди.

2049034
Гүлдүү өсүмдүктөрдү күтүп жаткан коркунуч

Гүлдүү өсүмдүктөрдүн 45 пайызы жок болуу  коркунучунда экендиги белгиленди.  

Британиянын BBC телеканалынын кабарына караганда, дүйнөнүн эң чоң ботаникалык жана козу карын бакчасы болгон Лондондогу Королдук ботаника бакчасында (Kew Gardens) 30 өлкөдөн 200 илимпоз изилдөө жүргүзүштү.

Окумуштуулар белгилүү болгон гүлдүү өсүмдүктөрдүн 45 пайызы, анын ичинде орхидеялар, ананас сорттору жана көптөгөн дан түрлөрү климаттын өзгөрүшүнө жана биологиялык түрдүүлүктүн кыскарышынан улам жок болуу коркунучунда тургандыгын  аныкташты. 

Изилдөөчүлөрдүн бири, доктор Матильда Браун : "Дарыларыбыздын 10дон  дарынын 9у өсүмдүктөрдөн жасалгандыгын эске алсак, келечектеги дары - дармектерибиздин жарымын жоготуу  коркунучу менен бетме  - бетпиз",- деди.  



Тектеш кабарлар