Июль айы «эң ысык ай» катары катталды
Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник Климаттын Өзгөртүү кызматынын айлык отчетуна ылайык, 2023-жылдын июль айы дүйнө жүзү боюнча эң жогорку температура катталган ай болду.

2023-жылдын июль айы глобалдык негизде «эң ысык ай» катары катталды.
Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник Климаттын Өзгөртүү кызматынын айлык отчетуна ылайык, 2023-жылдын июль айы дүйнө жүзү боюнча эң жогорку температура катталган ай болду.
Өткөн айда абанын температурасы мурда «эң ысык ай» деп эсептелген 2019-жылдын июлунан 1,5 градуска ашкан.
Күндүн ысык толкуну түндүк жарым шардын көп бөлүгүн каптады, Антарктиданын көп бөлүгүндө температура орточодон бир топ жогору.
Деңиз бетинин глобалдык орточо температурасынын жогорулашы да өткөн айда рекорддук деңгээлге жетти.
Түндүк деңиздеги температура орточо Цельсий боюнча 1,05 градус болсо, Гренландиянын түштүгүндө, Лабрадор деңизинде, Кариб бассейнинде жана Жер Ортолук деңизде деңиздин ысык толкундары пайда болгон.
Июль айында Антарктикадагы деңиз музу да эң төмөнкү деңгээлде өлчөнүп, орточо эсеп менен 15 пайызга төмөн айлык көрсөткүчтөр менен рекорд койгон.
Коперник Климаттын өзгөрүшү кызматынын директорунун орун басары Саманта Берджесс бул абалдын негизги себеби болгон парник газдарынын эмиссиясынын тез арада азайтылышы керектигин баса белгиледи.