Түндүк уюлду сактап калуу мүмкүн эмеспи?

Изилдөөлөргө ылайык, эрүүнүн 90 пайызы адам тарабынан пайда болгон глобалдык жылуулуктун натыйжасы. Калганын табигый факторлор түзөт.

1996806
Түндүк уюлду сактап калуу мүмкүн эмеспи?

Окумуштуулар парник газдарынын эмиссиясы кескин кыскарган күндө да, Арктика 10 жылдан кийин музсуз кала берерин жарыялашты.

Анализдер көрсөткөндөй, парник газдарынын чыгышы кескин кыскарган күндө да, жакынкы жылдарда сентябрда Арктика музсуз болот.

Изилдөө ошондой эле эгер эмиссиялар акырындык менен азайса же көбөйө берсе, биринчи музсуз жай 2030-жылдары, мурунку эсептөөлөрдөн он жыл эрте болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

Изилдөөлөргө ылайык, эрүүнүн 90 пайызы адам тарабынан пайда болгон глобалдык жылуулуктун натыйжасы. Калганын табигый факторлор түзөт.

Изилдөө тобунан, Германиянын Гамбург университетинин профессору Дирк Ноц: «Тилекке каршы, Арктиканын жайкы деңиз музун калыбына келтирүүгө өтө кеч болуп калды. Окумуштуулар катары биз ондогон жылдар бою Арктикадагы жайкы деңиз музунун жоголушу тууралуу эскертип келебиз. Бул биз глобалдык бузулуулардан улам жогото турган Жер системасынын биринчи негизги компоненти. Эл биздин эскертүүлөрүбүздү укпады»,-деди.

Бул тууралуу Түштүк Кореядагы Поханг университетинин профессору Сеунг-Ки Мин болсо: «Адамзат коому үчүн эң олуттуу таасир биз учурда көрүп жаткан ысык толкундар, токой өрттөрү жана суу ташкындары сыяктуу аба ырайынын кескин өзгөрүшү болот. Биз көмүр кычкыл газынын (СО2) эмиссиясын дымактуу түрдө азайтышыбыз керек жана биз ошондой эле тезирээк Арктиканын жылышына жана анын адамзат коомуна жана экосистемаларга тийгизген таасирине ыңгайлашууга даяр болушубуз керек»,-деп эскертти.



Тектеш кабарлар