Спирт ичимдиктерин көп керектөө булчуң массасынын жоголушуна алып келет

Medical News сайтында орун алган кабарга караганда, Англиядагы Чыгыш Англия университетинин изилдөөчүлөрү чоң масштабдуу биомедициналык булак жана маалымат базасы болгон UK Biobankтан изилдөө үчүн пайдаланышкан.

1990935
Спирт ичимдиктерин көп керектөө булчуң массасынын жоголушуна алып келет

Алкоголду көп колдонуу карыганда булчуң массасынын жоголушуна алып келет.

Medical News сайтында орун алган кабарга караганда, Англиядагы Чыгыш Англия университетинин изилдөөчүлөрү чоң масштабдуу биомедициналык булак жана маалымат базасы болгон UK Biobankтан жогорку катнашта спирт ичимдиктерин керектөөнүн булчуң массасына таасирин иликтөө максатында  37 жаштан 73 жашка чейинки болжол менен 200 миң кишинин маалыматын иликтөөдөн өткөрүштү.

Изилдөөгө окшош дене өлчөмдөрү бар адамдардын маалыматтары камтылып, алардын физикалык активдүүлүгүнүн жана протеин керектөө көрсөткүчтөрүнүн жакындыгына көңүл бурулган.

Адамдардын дене чоңдугу менен салыштырган булчуң массасы менен спирт ичимдиктерин ичкендердин ортосундагы байланышты иликтеген изилдөөдө, өзгөчө 50-60 жаштагы адамдарда алкоголдук ичимдиктерди ичкендердин скелет булчуң массасынын азыраак керектегендерге караганда азыраак экени белгиленди.

Катышуучулардын арасында күнүнө бир бөтөлкө шарап жана андан көп ичкендердин булчуң массасы эң аз экени аныкталган.

Илимпоздор, өзгөчө орто жашта жана эрте карылыкта алкоголду көп ичүүнүн булчуңдардын олуттуу көйгөйлөрүнө алып келерин белгилеп, бул жаштарда алкоголдук ичимдиктерди олуттуу түрдө азайтуу керектигин белгилешти.

Изилдөө «Calcified Tissue International» журналында жарыяланган.



Тектеш кабарлар