Окумуштуулар жасалма интеллекттин тобокелчилиги боюнча эскертишүүдө

Америкалык технологиялык ишкер Илон Маск баш болгон миңден ашуун эксперт кол койгон жасалма интеллектке каршы катты Лондондо жайгашкан Жашоонун келечеги институту (Institute for the Future of Life) жарыялады.

1967332
Окумуштуулар жасалма интеллекттин тобокелчилиги боюнча эскертишүүдө

Окумуштуулар жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгууда жарыш коркунучу бар экенин эскертишти.

Америкалык технологиялык ишкер Илон Маск баш болгон миңден ашуун эксперт кол койгон жасалма интеллектке каршы катты Лондондо жайгашкан Жашоонун келечеги институту (Institute for the Future of Life) жарыялады.

Катта, «Күчтүү жасалма интеллект системалары алардын таасири оң болоруна жана алардын тобокелдиктерин башкарууга боло турганына ишенгенде гана иштелип чыгышы керек; алар так, коопсуз, чечмелөөгө боло турган, ачык-айкын, бекем, талаптарга жооп берген, ишенимдүү болушу керек»,-деп айтылат.

Кол койгондордун арасында Илон Маск, Apple технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Стив Возняк жана трансгуманист тарыхчы Ювал Ноа Харари сыяктуу тааныш ысымдар бар.

Өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу жана туура эмес маалыматтын көбөйүшү катта баса белгиленген жасалма интеллект технологияларынын негизги көйгөйлөрүнүн экөө гана...

Жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү үчүн GPT 4 жана ушуга окшош жасалма интеллект чечимдери «жалпыга ачык жана текшерилүүчү» болушу керек деп айтылат.

Каттын текстинде «Эгер бул тыныгууну тез арада жөнгө салуу мүмкүн болбосо, өкмөттөр кийлигишип, убактылуу токтотууну баштоосу керек» делген.

Маск машиналык интеллект адамдардан ашып түшө турган учур 2025-жылы келерин, ал эми адамдар суперкомпьютерлердин үй жаныбарларына айланып калуу коркунучунда болорун божомолдоп, жасалма интеллекттин коркунучу тууралуу көптөн бери эскертип келет.



Тектеш кабарлар