Жашаган эң картаң ит Жино
Гиннес рекорддору 22 жаш 52 күндүк Жинонун бул титулга ээ болгондугун 15 - ноябрда билдирди.

Жашаган эң картаң ит титулунун ээси Жино болду.
Гиннес рекорддору 22 жаш 52 күндүк Жинонун бул титулга ээ болгондугун 15 - ноябрда билдирди.
2000 - жылы 24 - сентябрда туулган Жинону 2 жашында Алекс Вольф багып алды.
2000-жылы 28-мартта төрөлгөн Пеблз дүйнөдөгү эң кары ит болгон, бирок Пебблс 3-октябрда табигый себептерден улам өлдү.
Пеблздин өлүмү менен Жино рекорддун жаңы ээси болду.
Иттин мурункудай активдүү эмес экенин айткан Вольф, иттин азыр оттун жанында уктап, лосось жегенди жактырганын айтты. Мурдагыдай көрбөй калган Жино араба менен кыдырууда.
Ушул кезге чейин жашаган эң картаң ит титулу 1939 - жылы 29 жаш 5 айлык кезинде өлкөн Блуи аттуу чабан итине таандык.
.
Тектеш кабарлар

Жерге окшош экзопланета табылды
«Wolf 1069 b» өзүнүн жылдызынын «жашоо зонасында» орбитада жүргөнү жарыяланды.