Жеймс Уэбб телескопу экзопланетанын атмосферасын тартып алды

НАСАнын интернет сайтындагы кабарга караганда 700 жарык жылы алыстыктагы «WASP-39b» экзопланетасынын атмосферасы Жеймс Уэбб космостук телескобу аркылуу изилденди.

1910765
Жеймс Уэбб телескопу экзопланетанын атмосферасын тартып алды

 

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Космос жана авиация агенттигинин (НАСА) Жеймс Уэбб космостук телескобу экзопланетанын атмосферасын майда-чүйдөсүнө чейин сүрөткө тартты.

НАСАнын интернет сайтындагы кабарга караганда 700 жарык жылы алыстыктагы «WASP-39b» экзопланетасынын атмосферасы Жеймс Уэбб космостук телескобу аркылуу изилденди.

Жеймс Уэбб телескобу тарабынан тартылган сүрөттөрдүн жардамы менен экзопланетанын атмосфералык компоненттеринин профили аныкталып, көптөгөн компоненттер, анын ичинде күкүрттүн диоксиди табылган.

Ошентип, НАСА экзопланетанын атмосферасынын болуп көрбөгөндөй көз карашын бөлүштү.

26-августта Күн системасынын сыртында жайгашкан "WASP-39b" экзопланетасынын атмосферасында биринчи жолу көмүр кычкыл газы табылган.

Массасы Сатурнга жакын экени айтылган WASP-39b Юпитердин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

НАСА 2021-жылдын 25-декабрында дүйнөдөгү эң чоң жана эң алдыңкы космостук телескоп Жеймс Уэббди космоско учурду.

НАСАнын европалык жана канадалык космос агенттиктери менен кызматташтыгынын продуктусу болгон Уэбб эң чоң жана эң күчтүү, бирок 31 жаштагы Хаббл телескобунун уландысы катары каралууда жана иштөө мөөнөтү аяктап баратат.



Тектеш кабарлар