Эртең Ай тутулат

Саат 15.52де тутулуу аяктайт.

1902964
Эртең Ай тутулат

Жылдын акыркы Ай тутулуусу эртең (8.11.022) болот.

Анкара университетинин Крейкен обсерваториясынын кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда, тутулуу Азия, Австралия, Түндүк жана Түштүк Америка менен Түндүк жана Чыгыш Европанын айрым бөлүктөрүнөн байкалат.

Түркиядан байкоого мүмкүн болбогон тутулуу Айдын Жердин  жарым көлөкөсүнө кириши менен Түркия убактысы боюнча саат 11.02де башталат.

Жердин көлөкө конусуна саат 13.17де толугу менен кире турган Ай саат 13.59да тутулуунун ортосуна жетип, жез түсүндө көрүнөт.

Толук тутулуу саат 14.41де аяктайт.

Саат 15.52де Ай жарым-жартылай жарыктан чыгат жана тутулуу аяктайт.



Тектеш кабарлар