Салмагы менен машыгуу эрте өлүм коркунучун азайтат

CNNдин отчетуна ылайык, илимпоздор спорттук иш-аракеттердин, анын ичинде салмак менен машыгуунун оорулардын алдын алуу жана адам жашоосуна тийгизген таасирин изилдешкен.

1885781
Салмагы менен машыгуу эрте өлүм коркунучун азайтат

Спорт менен машыгуу оорулардын алдын алып, эрте өлүм коркунучун 41-47 пайызга азайтары аныкталган.

CNNдин отчетуна ылайык, илимпоздор спорттук иш-аракеттердин, анын ичинде салмак менен машыгуунун оорулардын алдын алуу жана адам жашоосуна тийгизген таасирин изилдешкен.

Салмаксыз көнүгүүлөр өлүм коркунучун азайтары белгилүү болсо да, салмак менен спорттук машыгуунун кесепеттери кызыгууну жараткан.

Бул контекстте, Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Рак институтунун академиктери тарабынан 1998-2016-жылдар аралыгында орточо жашы 71 жашта 100 миңге жакын чоң кишилердин спорт менен машыккан маалыматтары каралды.

Изилдөөдө жумасына бир же эки жолу салмактык машыгуу менен спорттук машыккандардын өлүм коркунучу 41-47 пайызга аз экени аныкталган.

Эч кандай спорт менен машыкпагандарга салыштырмалуу аэробдук көнүгүүлөрдүн гана өлүм коркунучун 34 пайызга азайтканы билдирилди, ал эми жумасына бир же эки жолу гана оор атлетика менен машыккандарда эрте өлүм коркунучунун 22 пайызга азайганы байкалды.

Башка жагынан алганда, жумасына кеминде эки жолу аткарыла турган булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдүн жыгылып калуудан пайда болгон жаракаттарды алдын алуу менен бирге сөөктөрдүн ден-соолугун сактоого да жардам берери белгиленет.

Кошумчалай кетсек, спорт менен машыккан адамдарда семирүү жана жүрөк-кан тамыр оорулары, глюкозаны көтөрө албоо жана кээ бир рак ооруларына чалдыгуу коркунучу аз экени белгилүү.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жумасына жок дегенде 150-300 мүнөт орточо интенсивдүү көнүгүүлөрдү жасоону же басуу, бийлөө, чуркоо, велосипед тебүү же сууда сүзүү сыяктуу 75-150 мүнөттүк күчтүү көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы British Journal of Sports Medicine журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар