Юпитер бүгүн Жерге жакындайт

Көргүсү келгендерге телескоптун кереги жок.

1884446
Юпитер бүгүн Жерге жакындайт

Юпитер бүгүн кечинде 59 жылдан кийин Жердин жанынан өтөт.

Күн системасынын газ гиганты Юпитер бүгүн Жерге эң жакын абалда байкалат. Көргүсү келгендерге телескоптун кереги жок.

Мындан тышкары Юпитер тескери оппозицияда болот, башкача айтканда Күн батыштан батканда, асманда чыгыштан чыгат. Бул абал Күн системасынын эң чоң планетасын өзгөчө кечки сааттарда көрүүгө мүмкүндүк берет.

Жаркыраган Юпитерди жакындан көргүсү келгендер бүгүн күн батышынын айланасындагы чыгыш горизонтко карай алышат.



Тектеш кабарлар