99 жаштагы кемпир 100-небересин кучагынна алды

99 жаштагы «Пег» Коллердин 11 баласы, 56 небереси жана 100 чөбөрөсү бар.

1869748
99 жаштагы кемпир 100-небересин кучагынна алды

АКШнын Пенсильвания штатында жашаган 99 жаштагы кемпир 100-небересин кучагына алды.

Кристин Стокс Балстер жана анын күйөөсү Патрик Балстер 4-августта төрөлгөн баласы Коллер Уильямды чоң энеси Маргерит «Пег» Коллер менен тааныштырышканын жана кемпирдин бул «баары тең ээ боло бербей турган бакыт» экенин айтып абдан ыраазы болгонун айтышты.

99 жаштагы «Пег» Коллердин 11 баласы, 56 небереси жана 100 чөбөрөсү бар.

Анын үй-бүлөсү ноябрда 100 жашка чыга турган Пег Коллердин узак өмүр сүрүү сырын күнүнө эки жолу машыгуусу жана үй-бүлөсүнөн алган сүйүү жана колдоо экенин айтып: «Канча жашта болбосун, ал дайыма бар, бүтүрүү кечелерин, чөмүлтүүнү, тойлорду калтырбайт»,-дешти.



Тектеш кабарлар