Жаңы Зеландияда аукциондон алынган чемодандардан эки баланын сөөгү чыкты

Коопсуздук директорлугунун жооптуусу Тофилау Фаамануиа Ваэлуа бир үй  - бүлөнүн кароосуз калган кампалардагы буюмдар сатылган онлайн аукционго  катышкандыгын айтты.

1869552
Жаңы Зеландияда аукциондон алынган чемодандардан эки баланын сөөгү чыкты

Жаңы Зеландияда бир үй  - бүлөнүн аукциондон алган чемодандарынан эки балага таандык сөөк чыкты. 

Коопсуздук директорлугунун жооптуусу Тофилау Фаамануиа Ваэлуа Оклендде өткөргөн пресс  - жыйынында бир үй  - бүлөнүн кароосуз калган кампалардагы буюмдар сатылган онлайн аукционго  катышкандыгын айтты. Аукциондон сатып алынган жеке буюмдардын  өткөн жумада үй  - бүлөгө келгендигин белгилеген Ваэлуа буюмдардын арасында  бирдей  өлчөмдөгү эки чемодандын бар экендигин, чемодандардын ичинен эки баланын сөөгү чыккандыгын маалымдады. 

Өлтүрүлгөн балдардын жаштарынын 5 - 10 экендигин айткан Ваэлуа чемодандын кеминде 3 же 4 жылдан бери кампада турганы болжолдолгондугун белгиледи. 

Күбөлүктөрүн аныктоо иштери жүргүзүлүп жаткан балдардын кайда жана качан, кандай өлгөндүгү изилденгендигин айткан Ваэлуа маселенин Эл аралык Полиция Уюмуна билдирилгендигин айтты. 

Ваэлуа окуя тууралуу ачылган кылмыш териштирүүсүнүн тыкандык менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар