Жердин ички өзөгү ар бир 6 жылда бир нече километр термелет

Америкалык илимпоздор жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Жердин ички ядросунун айлануу ылдамдыгы көбөйүшү менен алты жылда бир нече километр алдыга жана артка термелээри аныкталган.

1843997
Жердин ички өзөгү ар бир 6 жылда бир нече километр термелет

Жердин борборунда жайгашкан ички ядронун айлануу ылдамдыгы жыл сайын өсүп жатканы жарыяланды.

Америкалык илимпоздор жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Жердин ички ядросунун айлануу ылдамдыгы көбөйүшү менен алты жылда бир нече километр алдыга жана артка термелээри аныкталган.

Жердин ички ядросунун кыймылын изилдеген окумуштуулар кыймылдын компьютердик моделин түзүү үчүн 1969-жылдан 1974-жылга чейинки сейсмикалык маалыматтарды колдонушкан.

Түзүлгөн симуляциялар илимпоздор 20 жылдан бери ырастагандай, жердин ички өзөгү кыймылдагандан кийин жер бетиндеги жылыш болорун тастыктады.

Окумуштуулар акыркы бир нече жыл бою Жердин тынымсыз термелүүсү болуп жатканын белгилешип, аныкталган циклден кийинки күндөрдүн узундугундагы өзгөрүүлөрдү да түшүндүрүүгө болорун баса белгилешти.

Изилдөө тууралуу айтып берген профессор Жон Видаль:«Биздин акыркы байкоолорубуз көрсөткөндөй, ички өзөк 1969-жылдан 71-жылга чейин бир аз жайыраак айланып, андан кийин 1971-жылдан 74-жылга чейин башка багытка жылган»,-деп айтып: «Айрыкча күндүн узундугун божомолдой алгыдай узарганын жана кыскарганын белгиледик»,-деди.



Тектеш кабарлар