Дүйнөдөгү эң кары адам 113 жашын белгиледи

Перес Мора 1909-жылы 11-февралда туулган Сатурнино де ла Фуэнте Гарсия каза болгондон кийин эң кары адам болуп калган.

1834315
Дүйнөдөгү эң кары адам 113 жашын белгиледи

Дүйнөнүн эң кары адамы болуп, Гиннесстин рекорддор китебине кирген Хуан Висенте Мора 113 жашын белгиледи.

Венесуэланын Тачира штатындагы Эль-Кобре шаарында 10 балалуу үй-бүлөнүн 9-баласы болуп төрөлгөн Мора күнүн эртең менен бир чыны кофе менен баштаганын айтып, айланасындагыларга:«Талыкпай иште, каникулга чык, эрте укта, Кудайды сүй, аны дайыма жүрөгүңдө алып жүр»,- деп кеңеш берген.

Перес Мора 1909-жылы 11-февралда туулган Сатурнино де ла Фуэнте Гарсия каза болгондон кийин эң кары адам болуп калган.

Дүйнөдөгү эң кары аял француз Люсиль Рэндон 118 жашта.



Тектеш кабарлар