Сатурн, Марс, Венера, Юпитер бир сызыкта орун алат

Бири биринен миллиондогон километр алыстыкта жайгашкан жана күндүн тегерегинде ар кайсы убактарда айланган планеталар жерден каралганда бири бирине тийе тургандай  жакындашат.

1820893
Сатурн, Марс,  Венера, Юпитер бир сызыкта орун алат

Жерге коңшу планеталар Венера, Марс, Юпитер жана Сатурн 1 -  май күнү эрте менен көк жүзүндө бир сызыкта орун алат. 

Live Science интернет сайтынын кабарына караганда күн системасынын эң жаркырак  эки планетасы Венера менен Юпитер 30 -  апрелден 1 -  майга өткөн түнү таңга карай жерден караганда дээрлик бири бирине тийе тургандай жакын көрүнөт. 

Венера, Марс, Юпитер жана Сатурн да асманда бир катарда орун алат. 

Бири биринен миллиондогон километр алыстыкта жайгашкан жана күндүн тегерегинде ар кайсы убактарда айланган планеталар жерден каралганда бири бирине тийе тургандай  жакындашат. 

"Планеталардын жолугушуусу" деп аталган бул кубулуш жыл сайын болуп турса да, окумуштуулар күтүлгөн Венера жана Юпитер жолугушуусунун жерге абдан жакын жерде ишке ашарын жана планеталарды телескоптун жардамысыз так көрүүгө боло тургандыгын белгилешти. 

 

 



Тектеш кабарлар