Дүйнөдө 151 сальмонелла инфекциясы катталды...

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сальмонелла учурлары боюнча жаңыланган маалыматтар жана ДССУга мүчө өлкөлөргө сунуштар бөлүшүлдү.

1819754
Дүйнөдө 151 сальмонелла инфекциясы катталды...

Дүйнө жүзү боюнча шоколад азыктары менен байланышкан 151 сальмонелла инфекциясы бар экени жарыяланды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сальмонелла учурлары боюнча жаңыланган маалыматтар жана ДССУга мүчө өлкөлөргө сунуштар бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Бельгиянын Арлон шаарындагы Киндер фабрикасында декабрь жана январь айларында жүргүзүлгөн текшерүүлөр учурунда чийки затты камтыган кээ бир танкерлерде ушул убакка чейин адамдын денесине жуккан сальмонелла менен бирдей генетикалык түзүлүштөгү бактериялардын аныкталганы белгиленди.

Арлондогу фабрикада керектүү гигиеналык чаралар көрүлүп, өндүрүлгөн Киндер өнүмдөрүнүн сальмонелла тести негатив болуп чыккандан кийин Европага жана дүйнөгө таратылганы белгиленди.

25-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча Kinder өнүмдөрүнө байланыштуу деп шектелген 151 сальмонелла учуру аныкталды, алардын 65и Англияда, 26сы Бельгияда, 25и Францияда, 10у Германияда, 15и Ирландияда, 4ү Швецияда жана 2 учуру Нидерландияда көрүлгөнү бөлүшүлгөн.

Люксембургда, Норвегияда, Испанияда жана АКШда бирден учур катталды.

Ооругандардын 89 пайызынын 10 жашка чейинки балдар экени, 21 учурда кусуу, жүрөк айлануу, кандуу ич өткөк сыяктуу оор белгилер байкалып, сальмонелла инфекциясынан адам өмүрү кыйылбаганы белгиленди.

Түркиянын Айыл-чарба жана токой чарба министрлигинин Азык-түлүк жана көзөмөлдөө башкы башкармалыгы 19-апрелден тарта «Киндер» маркасындагы өнүмдөрдүн импортуна сальмонелла анализин жүргүзүүнү милдеттүү кылды.



Тектеш кабарлар