Жерден эң алыскы галактика табылган болушу мүмкүн экени айтылды

Science Alert сайтындагы кабарга караганда илимпоздор жерден 13,5 миллиард жарык жылы алыстыкта ​​тапкан галактикага «HD1» деп ат коюшту.

1808973
Жерден эң алыскы галактика табылган болушу мүмкүн экени айтылды

Жерден 13,5 миллиард жарык жылы алыстыкта ​​байкалган галактика тарыхта ачылган эң алыскы галактика болушу мүмкүн экени маалымдалды.

Science Alert сайтындагы кабарга караганда илимпоздор жерден 13,5 миллиард жарык жылы алыстыкта ​​тапкан галактикага «HD1» деп ат коюшту.

Галактиканын түзүлүшүнө баа берген Гарвард-Смитсон астрофизика борборунун астрофизиги Фабио Пакуччи: «Ушунчалык алыс жайгашкан объекттин табияты тууралуу суроолорго жооп берүү кыйын болушу мүмкүн»,-деп айтты.

Галактикадан чыккан ультра кызгылт көк толкундардын өтө жарык экенин белгилеген илимпоздор, мынчалык көп жарыктын жылына 100дөн ашык жылдыз чыгара ала турганын жана бул көрсөткүчтүн ааламдын алгачкы этаптарында галактика үчүн күтүлгөндөн 10 эсе көп экенин белгилешти.

Пакуччи мунун ааламда пайда болгон алгачкы жылдыздардын азыркы жылдыздарга караганда чоңураак, жарык жана ысык болушунан улам болушу мүмкүн экенин белгиледи.

HD1 ааламдын башталышындагы галактикаларды жарыктандыруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында 4 башка инфракызыл телескоптун жардамы менен 1200 сааттык байкоонун натыйжасында табылган.

Изилдөөгө катышкан Токио университетинен астроном Юичи Уондерн галактиканын кызыл түсү анын канчалык алыс экени тууралуу маалымат берерин белгилеп: «HD1дин кызыл түсү 13,5 миллиард жарык жылы алыстыкта ​​жайгашкан галактика үчүн таң калыштуу түрдө жакшы жана мен аны тапканда жүрөгүм үшүп кетти»,- деди.

Башка жагынан алганда, Юичи 700 миңден ашык асман телолорунун арасынан HD1 табуу абдан кыйын экенин белгиледи.

Галактиканын ачылышы боюнча изилдөө The Astrophysical Journal журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар