Панамадагы куштардын популяциясы

Иллинойс университетинин окумуштуулары Панамадагы Соберания улуттук паркындагы куштардын түрлөрүнө 43 жыл бою байкоо салышты.

1807388
Панамадагы куштардын популяциясы

Акыркы 40 жылда Панамадагы тропикалык токойлордогу куштардын популяциясынын 90 пайызы жок болгондугу билдирилди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Иллинойс университетинин окумуштуулары Панамадагы Соберания улуттук паркындагы куштардын түрлөрүнө 43 жыл бою байкоо салышты.

Жыйынтыгында улуттук паркта 40 жылдын ичинде куштардын саны кескин кыскарды.

Куштардын популяциясында 35 түрдүн саны 50 пайыздан ашык азайса, 9 түрдүн саны 90 пайызга кыскарды.

Изилдөөчүлөр бул азаюунун себебин так түшүндүрө алышпайт. Ыктмалдуу себептерге климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаан-чачындын азайышы, тамак-аштын жетишсиздиги жана төлдөөнүн төмөндөшү кирет.

Окумуштуулар бул абалды тынчсыздандырган көрүнүш катары сыпатташууда.



Тектеш кабарлар