Уюлдарда температуранын жогорулашы...

Аймактагы өлчөөлөрдүн бардык убактагы орточо көрсөткүчтөн 15 градус жылуу болгону белгиленди.

1798690
Уюлдарда температуранын жогорулашы...

Антарктидада жана Түндүк уюлдун кээ бир жерлеринде температуранын жогорулашынын өткөн жылдардын март айынын орточо көрсөткүчүнө салыштырмалуу «өзгөчө» болгону аныкталды.

Антарктидадагы аба ырайы станциялары Конкордия станциясында минус 12 градуска, «Восток» станциясында минус 17 градуска чейин суук болду.

Аймактагы өлчөөлөрдүн бардык убактагы орточо көрсөткүчтөн 15 градус жылуу болгону белгиленди.

Колорадо штатындагы Улуттук Кар жана муз маалымат борбору да түндүк уюлдагы температуранын март айындагы орточо көрсөткүчтөн 10 градус жылуу экенин жарыялады.

Уюлдарда температуранын жогорулашы «адаттан тышкары» болгону белгиленди.

Муз илимпозу Уолт Майер Түндүк уюлдун тегерегиндеги мөңгүлөр эрүү чекитине жакындап калганын айтып: «Эки уюл карама-каршы мезгилдерди башынан өткөрөт. Түндүк менен Түштүктүн бир убакта эрип кеткени байкалган эмес. Бул, албетте, адаттан тыш окуя»,-деди.

Мындан тышкары, Мэн университетинин климаттык анализинде, жума күнү жасалган өлчөөлөргө ылайык, Антарктида 1979-2000-жылдар арасындагы орточо температурадан болжол менен 4,8 градус жылуу, ал эми түндүк уюлда 3,3 градус жылуу болуп, ушул эле мезгилде дүйнө жүзү боюнча температуранын жогорулашы Цельсий боюнча 0,6 градус гана болгону байкалган.



Тектеш кабарлар