Илон Маск Путинди жекеме-жеке мушташка чакырды

Илон Маск Твиттердеги билдирүүсүндө: «Мен Владимир Путинди жекеме-жеке мушташка чакырам»,-деди.

1795360
Илон Маск Путинди жекеме-жеке мушташка чакырды

Америкалык SpaceX космостук кеме жана ракета чыгаруучу компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Украина боюнча Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы чыкты.

Илон Маск Твиттердеги билдирүүсүндө: «Мен Владимир Путинди жекеме-жеке мушташка чакырам»,-деди.

Бөлүшүүсүнүн уландысында орус тилинде (Орусия Президентинин сарайы) Кремлдин Твиттердеги дарегин кошумчалаган Маск: «Мелдешимдин темасы Украина. Бул күрөштү кабыл аласызбы?»,- деп өз билдирүүсүн жасады.

Маск өткөн айда Starlink космостук интернет жабдууларын ишке киргизген Украинаны колдоорун социалдык медиа эсебинде бир нече жолу билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, 24-февралда Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан бери 2 миллион 690 миңден ашуун адам башка өлкөлөргө чыгып кеткен.

Украинада кеминде 596 жайкын тургун набыт болуп, 1067си жараат алганы белгиленди.

Евробиримдик, Америка Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр Москвага санкция киргизип жатканда, көптөгөн компаниялар жана дүйнөлүк бренддер Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту.



Тектеш кабарлар