Чочкодон жүрөк трансплатацияланган бейтап каза болду

Мэриленд университетинин ооруканасы Беннеттин кечээ каза болгондугун бирок өлүм себеби азырынча аныктала электигин  жарыялады.

1793209
Чочкодон жүрөк трансплатацияланган бейтап  каза болду

АКШнын Мэриленд штатында биринчи жолу чочкодон адамга  жүрөк трансплатациясы жасалган бейтаптын 2 айдан кийин каза болгондугу билдирилди.

Usa Today гезитинин маалыматына караганда, 7 -  январда жүрөк пристубу болгон  жана жүрөгү ирээтсиз согушу менен  адамдын жүрөгү трансплатациялана албагандыктан чочконун жүрөгү трансплатацияланган Дэвид Беннеттин ден соолугу акыркы күндөрү начарлады.

Мэриленд университетинин ооруканасы Беннеттин кечээ каза болгондугун бирок өлүм себеби азырынча аныктала электигин  жарыялады.

Оорукананын катчысы Деборах Котц  Бенеттин өлүмүн иликтеп, изилдөөнүн жыйынтыктарын рецензияланган журналга чыгарышарын белгиледи.

Түрлөр арасындагы орган трансплатациялоо адиси жана доктор Мухаммад  Мохиуддин иммундук система жетиштүү түрдө бастырылганда  генетикалык жактан транплатацияланган чочконун жүрөгүнүн адам денесинде жакшы иштей турганын билгендерин айтты.

Мохиуддин түрлөр арасындагы орган трансплатациясына оптимисттик көз карашта  экендерин жана клиникалык тажрыйбаларын улантышарын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар