Швецияда байкалган түндүк жарыктары

Швециянын Өребро астрономия бөлүмүнүн башчысы Кьелл Олаусон мамлекеттик телеканалга берген маалыматында борбор калаа Стокгольмдо Түндүк жарыктары байкалганын айтты.

1763401
Швецияда байкалган түндүк жарыктары

Швециянын борбору Стокгольмдо «Түндүк жарыктары» деп аталган жаратылыш кубулушу болду.

Швециянын Өребро астрономия бөлүмүнүн башчысы Кьелл Олаусон мамлекеттик телеканалга берген маалыматында борбор калаа Стокгольмдо Түндүк жарыктары байкалганын айтты.

Жердин магнит талаасынын атмосфералар менен бирге Күндөн тараган нурларга каршы калкалап турганын белгилеген Олаусон, магниттик коргоо аймагында кээде жыртыктар пайда болгонун жана мунун натыйжасында Түндүк жарыктарынын асманда күчтүү чагылышканын белгиледи.

Олаусон Түндүк жарыктарын жакынкы күндөрдө Германия жана Польшадан да көрүүгө болорун кошумчалады.

Түндүк жарыктары Жердин магнит талаасы менен Күндөн келген заряддалган бөлүкчөлөр менен өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында пайда болот.



Тектеш кабарлар