Алар космос станциясында бадминтон ойношту

Sputnik агенттигинин кабарына ылайык, Европа космостук агенттигинин (ESA) астронавты Маттиас Маурер жаңы жылдын биринчи күнү ЭКСда өзүнүн экипаждагы курбулары жапониялык Юсаку Маэзава жана Йозо Хирано  менен бадминтон боюнча беттеш өткөрдү.

1755766
Алар космос станциясында бадминтон ойношту

Алар Эл аралык космос станциясында (ЭКС) бадминтон ойношту.

Sputnik агенттигинин кабарына ылайык, Европа космостук агенттигинин (ESA) астронавты Маттиас Маурер жаңы жылдын биринчи күнү ЭКСда өзүнүн экипаждагы курбулары жапониялык Юсаку Маэзава жана Йозо Хирано  менен бадминтон боюнча беттеш өткөрдү.

Ошол көз ирмемдердин түстүү сүрөттөрүн бөлүшүп, астронавт Маурер: «Ошондой эле биз жаңы жылды илимге, жаңы эксперименттерге жана орбиталык бадминтон матчыбыз сыяктуу кызыктуу командалык иш-чараларга толтурууну чыдамсыздык менен күтөбүз»,- деди.

ESA түстүү сүрөттөр тууралуу билдирүү жасап, «ЭКСда жүргөндө илимий жана оперативдүү иш-чараларга көңүл бурган Космос станциясындагы астронавттар ошондой эле экипаж үчүн маанилүү тең салмактуулукту камсыз кылган жана маданияттар аралык алмашуу жана команда куруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган эс алуу иш-чараларынан ырахат алышат», деген.



Тектеш кабарлар