Статиста: «Дүйнөдө жыл сайын 35 миң адам иттердин кол салуусунан каза болот»

Германияда жайгашкан Статиста статистикалык компаниясынын отчетуна ылайык дүйнөдөгү эң көп өлүмгө дуушар кылуучу жандуулардын арасында чиркей, адамдар менен жыландардан кийин иттердин 4-орунда турганын маалымдалган.

1752727
Статиста: «Дүйнөдө жыл сайын 35 миң адам иттердин кол салуусунан каза болот»

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 35 000 адам иттердин кол салууларынан каза табаары жарыяланды.

Германияда жайгашкан Статиста (statista) статистикалык компаниясынын отчетуна ылайык дүйнөдөгү эң көп өлүмгө дуушар кылуучу жандуулардын арасында чиркей, адамдар менен жыландардан кийин иттердин 4-орунда турганын маалымдалган.

Көптөгөн өлкөлөрдө генетикалык жактан өзгөртүлгөн кээ бир түрлөргө ээ болууга, айрыкча иттерди алыштырууда колдонууга тыюу салынган.

Бул түрлөр ;Тоса, Боербол, Америка бульдог, Преса Канарио, Дого Аргентино.

Улуу Британияда иттердин айрым породаларына кам көрүү жана ээлик кылуу биринчи жолу 1991-жылы кабыл алынган мыйзам менен жөнгө салынган.

Жеке менчикте да иттердин «коркунучтуу түрдө көзөмөлдөн чыгып кеткен» түрүнө ээ болууга 2014-жылы тыюу салынган. Мындан тышкары, тыюу салынган итти сатуу, таштоо, белекке берүү, көбөйтүү мыйзамсыз.

Францияда коркунучтуу ит породалары үчүн эки классификация бар.

Асыл тукумдук документтери жок агрессивдүү түрлөрдү өлкөгө киргизүүгө тыюу салынат. Экинчи категориядагы кээ бир таза кандуу иттерге сөзсүз түрдө ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, мамлекеттен лицензия алып, камсыздандыруусу болушу шарт.

Кошмо Штаттарда 50 штаттын 37синде айрым түрлөргө чектөөлөр бар. Бирок, федералдык өкмөттүн бул маселе боюнча укуктук жөнгө салуусу жок.



Тектеш кабарлар