Space Weather сайты дагы бир жолу күндүн жарылуусу тууралуу эскертүү берди

Space Weather эскертүүсүндө, «Орбитадагы спутниктер узакка созулган M2 классындагы күн тутануусун аныкташты. Ал күндүн түндүк-батыш тарабынын артындагы активдүү аймак болуп көрүнүүдө»,деген сөздөр орун алды.

1732193
Space Weather сайты дагы бир жолу күндүн жарылуусу тууралуу эскертүү берди

Space Weather сайты дагы бир жолу күндүн жарылуусу тууралуу эскертүү берди.

Space Weather эскертүүсүндө, «Орбитадагы спутниктер узакка созулган M2 классындагы күн тутануусун аныкташты. Ал күндүн түндүк-батыш тарабынын артындагы активдүү аймак болуп көрүнүүдө»,деген сөздөр орун алды.

Space Weather акыркы бир нече ай ичинде күндүн ар кандай деңгээлдеги жарылууларын байкап жатат.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (НАСА) күн бороон-чапкындары пайда болгондо адамдар сергек болушу керектигин эскертет.

Жарылуу алоолонуп чыкканда электромагниттик нурлануу, ошондой эле күн бөлүкчөлөрү планетаны көздөй чыгышы мүмкүн.

Башка жагынан алганда, GPS (глобалдык жайгаштыруу системасы) спутниктери жана башка ушул сыяктуу технологиялар да жарылуулардан таасир алышы мүмкүн.

Күндө орто чоңдуктагы жарылуулар үчүн М классындагы туюнтмалар, кичинелери үчүн А, В жана С, ал эми эң чоң жарылуулар үчүн X классындагы туюнтмалар колдонулат.



Тектеш кабарлар