Мари Антуанеттага таандык эки алмаз билерик аукциондо сатылды

Франциянын ханышасы Мари Антуанеттага таандык эки алмаз билерик Швейцариядагы аукциондо 8 миллион доллардан ашык баага сатылды.

1732127
Мари Антуанеттага таандык эки алмаз билерик аукциондо сатылды

Франциянын ханышасы Мари Антуанеттага таандык эки алмаз билерик Швейцариядагы аукциондо 8 миллион доллардан ашык баага сатылды.

Антуанеттанын асыл таштары  гильотина менен өлүм жазасына тартылганга чейин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып сакталган.

Эски кесилген 112 бриллианттан турган билериктер биринчи жолу аукционго коюлуп, аукционго телефон аркылуу катышып, атын билдирбеген сатып алуучуга 8 миллион доллардан ашык баага сатылды.

1755 - жылы Австрияда төрөлгөн Мари Антуанетта кичинекей кезинде король Людовик XVI менен баш коштурулуу үчүн Францияга жиберилген.

Француз калкы ысырапкорчулук менен айыптаган Антуанетта 1793 – жылы королдон бир канча ай мурда гильотина менен өлүм жазасына тартылган.

 



Тектеш кабарлар