Blue Origin коммерциялык космос станциясын курат

Компания жетекчилеринин билдирүүсүндө, «Orbital Reef» аттуу станциянын 10 жылдын ичинде ишке кириши пландалганы айтылды.

1725376
Blue Origin коммерциялык космос станциясын курат

Amazon фирмасынын негиздөөчүсү Жефф Безоска таандык Blue Origin космостук туризм компаниясы коммерциялык космос станциясын куруу планын жарыялады.

Компания жетекчилеринин билдирүүсүндө, «Orbital Reef» аттуу станциянын 10 жылдын ичинде ишке кириши пландалганы айтылды.

Жарыяланган жарнамалык материалда станциянын космосто «аралаш бизнес паркы» болору жана 10 кишиге чейин жайгаша ала турганы айтылган.

Станцияны куруу үчүн компания Sierra Space жана Boeing компаниялары менен кызматташат.

Blue Origin компаниясынын айтымында, 32 000 чарчы метрдик станция кардарларга «микрогравитацияда тасма тартуу» же «заманбап технологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү» үчүн идеалдуу жерди камсыздайт жана ошондой эле «космостук мейманкананы» камтыйт.

Демилгени баштоого арналган пресс-конференцияда Blue Origin жана Sierra Space компанияларынын жетекчилери курулушка кеткен чыгымдар боюнча комментарий беришкен жок.

Бирок долбоор жыл сайын 1 миллиард доллар сарптоого милдеттенген Безостан ири каржылоо фонду камсыздалаарына кепилдик берет.

Эл аралык космос станциясы 2030-жылы өз өмүрүн аяктаса да, олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүп жатат.

Орус бийликтери мурдараак эски жабдыктар чоң окуяга алып келиши мүмкүн деп чочулашып, алардын космонавттары 2025-жылга чейин станциядан чыгып кетиши мүмкүн экенин айтышкан.



Тектеш кабарлар