Тамекинин түтүнү көздүн чел кабыгындагы клеткаларды өлтүрөт

Акыркы изилдөөлөр тамеки тартуунун зыяны инфаркт жана рак менен эле чектелбестигин дагы бир жолу көрсөттү.

1722559
Тамекинин түтүнү көздүн чел кабыгындагы клеткаларды өлтүрөт

Акыркы изилдөөлөр тамеки тартуунун зыяны инфаркт жана рак менен эле чектелбестигин дагы бир жолу көрсөттү.

Тамекинин көздө сары чекит, глаукома жана катаракта сыяктуу ооруларды алып келип, торчону, оптикалык нервдерди жана карекке түз зыян келтиргени белгилүү.

Япониянын Гифу фармацевтикалык университети жүргүзгөн акыркы изилдөөлөргө ылайык, тамекинин түтүнү да көзгө чоң зыян келтирет. Бул түтүн көздүн чел кабыгындагы клеткаларды өлтүрөт.

Тамеки жана электрондук тамекинин түтүнү да көздүн жаш агызуучу  каналдарын кургатат. Тамеки тарткандар  тартпагандарга караганда дагы көп көздүн кургашына дуушар болушат.

Тамекинин түтүнү  тамеки тартпагандарга жана башка ооруларга таасирин тийгизип,  көзгө зыян келтириши мүмкүн.



Тектеш кабарлар