Израилде 900 жылдык кылыч табылды

Кылычты тапкан Катзинге ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

1722025
Израилде 900 жылдык кылыч табылды
hacli kilici.jpg
hacli kilici.jpg
hacli kilici.jpg
hacli capa.jpg

Израилде бир чумкугуч  крестүүлөрдөн калган жана 900 жылдык экендиги болжолдолгон кылычты тапты.

Израиль байыркы буюмдар мекемесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Шломи Катзин атуу ышкыбоз чумкугучтун өлкөнүн түндүгүндө, Жер Ортолук деңизде чумкуу учурунда крестүүлөрдөн калганы болжолдолгон бир кылчты тапкандыгы белгиленди.

Маалыматта ышкыбоз чумкугучтун  кылычты деңизден чыгарып изриаилдик жетекчилерге тапшыргандыгы маалымдалды.

Бети деңиз кабыгы менен капталган, узундугу 1 метр болгон кылычтын болжол менен 900 жылдык экендиги болжолдолуп,  тазаланып калыбына келтирилгенден кийин көргөзмөгө коюлары билдирилди.

Кылычты тапкан Катзинге ыраазычылык баракчасы тапшырылды.



Тектеш кабарлар