Эки баштуу жана алты буттуу ташбака байкоо астында

Эки баштуу жаныбарлар көпчүлүк учурда узун өмүрлүү болбойт.

1718617
Эки баштуу жана алты буттуу ташбака байкоо астында

АКШда коргоого алынган жерде табылган эки баштуу жана алты буттуу ташбака байкоого алынды.

Эки жумадан бери байкоого алынган ташбаканын тамактануу жана кыймылдарынын калыбына келгендиги билдирилди.

АКШнын чыгыш жагындагы Барнстабл шаарындагы ташбака уялоочу жайдан 2 баштуу жана 6 буттуу ташбака табылган.

Кызматкерлер ташбаканы ооруканада байкоого алып, тамактануу жана жашоо образын изилдей баштады.

Ушул кезге чейин рентгендик экспертизалар ташбаканын белден ылдый кошулган эки башка омурткасы бар экенин жана буттарынын башка мээлер тарабынан көзөмөлгө алынгандыгы байкалды.

New England Жапайы жаратылыш борборунун билдирүүсүндө ташбаканын ушул убакка чейин жумуртканын сарысы менен азыктандырылгандыгы, ашказан жана ичеги каналдарынын өнүгүшү кийинки баскычта карала турганы белгиленди.Ташбака эми сүзүп, кыймылдай баштады.

Алган азыктарын сиңирген ташбаканын күндөн - күнгө салмак кошкону да байкалды.

Жаныбарлар дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү эки баштуулук генетикалык ооруга караганда түйүлдүктүн өнүгүүсүндөгү абал катары билинүүдө.

Эки баштуу жаныбарлар көпчүлүк учурда узун өмүрлүү болбойт.



Тектеш кабарлар