Жер шарынын орбитасына чыккан алгачкы туристтер ийгиликтүү кайтып келишти

Команда америкалык SpaceX компаниясынын "Inspiration4" миссиясы менен космоско чыгып, 3 күн орбитада болушту.

1707680
Жер шарынын орбитасына чыккан алгачкы туристтер ийгиликтүү кайтып келишти

 

Космостук саякат тарыхында биринчи жолу болгон бардыгы жарандардан турган төрт кишилик экипаж планетага ийгиликтүү кайтып келишти.

Команда америкалык SpaceX компаниясынын "Inspiration4" миссиясы менен космоско чыгып, 3 күн орбитада болушту.

Жалпы жарандык команда тарыхый космостук сапарын аяктап, планетага кайтып келди. Кол чабуулар менен тосулган космостук саякатчылар Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатынын жээгине парашют менен конду.

Космонавты жок команда 3 күн бою планетадан 576 километр алыстыкта ​​болуп, илимий эксперименттерди жүргүзүштү.

Космостук саякаттын чыгымын 38 жаштагы ишкер Жаред Исаакман каржылап, саякатка өзү да кошулган. Учуу конкурсунда жеңишке жетишкен 42 жаштагы мурдагы учкуч аял жана 51 жаштагы геология мугалими да космостук саякатка катышты.

Төртүнчү жаран 29 жаштагы рак оорусу менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкер болгон. 4 адам "кесипкөй астронавты жок орбитада калган биринчи экипаж" катары тарыхта калды. Тарыхый саякат космостук туризмди жандандыруу үчүн маанилүү деп эсептелет.



Тектеш кабарлар