Мексикада 95 жылдык балыктын сөөгү табылды

Мексикада 95 миллион жыл мурунку мезгилге таандык экендиги болжолдонгон жаңы балык түрүнүн калдыктары табылды.

1675470
Мексикада 95 жылдык балыктын сөөгү табылды

Мексикада 95 миллион жыл мурунку мезгилге таандык экендиги болжолдонгон жаңы балык түрүнүн калдыктары табылды.

Сөөктөрү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Чиапас штатындагы карьерден табылган балыктар Америкада динозаврлар менен бир мезгилде жашаган деп болжолдонууда.

Изилдөөчүлөр табылган сөөктөрдүн Америка тектүү балык түрү экендигин билдиришти.

"Дорсалдык жана аналдык канаттарында көптөгөн омурткалары болгон балыктардын калдыктары табылды. Бул 95 миллион жыл мурун, башкача айтканда, динозаврлар менен бир мезгилде жашаган, мурда белгисиз болгон түр", - деп билдирилди.

Мексиканын Улуттук Автономиялык Университетинин палеоэкологу Клейтон Магно Канталис белгилегендей, алар "Choichix alvaradoi" деп атаган бул түр дүйнө жүзү үчүн жаңы тукум болуп саналат. Палеоэколог Канталис табылган түрдүн тегинин Мексика экендигин : «Буга чейин балыктардын Европадан келгендигине жана Американын бул аймагына көчүп келишкендиги болжолдолгон. Бирок, азыр эң байыркы жана примитивдүү балыктар ушул аймакта экенине күбө болуп жатабыз", - деди.



Тектеш кабарлар