Кытайдын Ковид-19 вирусун лабораторияда өндүргөнү жөнүндө ырастоолор

Британдык жана норвегиялык илимпоздордун эмгектери вирустун техногендик экендиги жөнүндө талаш-тартышты кайрадан пайда кылды.

1648766
Кытайдын Ковид-19 вирусун лабораторияда өндүргөнү жөнүндө ырастоолор

Кытай жаңы түрдөгү коронавирусту (Ковид-19) Ухандагы лабораторияда чыгарган жана анын изин жашырууга аракет кылган деген ырастоолор бар.

Британдык жана норвегиялык илимпоздордун эмгектери вирустун техногендик экендиги жөнүндө талаш-тартышты кайрадан пайда кылды.

Британиялык Daily Mail гезити британиялык профессор Ангус Далглейш жана норвегиялык илимпоз доктор Биргер Соренсендин жарыяланбаган эмгегине жетишти.

Билдирүүгө ылайык, изилдөө Кытай коронавирусту Ухандагы лабораторияда өндүрүп, анын изин «тескери инженерия» менен жашырган деп божомолдогон.

Кытай илимпоздору вирусту лабораторияда жаратып, андан кийин табигый жол менен жарганаттардан пайда болгондой көрсөткөн деп ырасталган.

Изилдөөгө коюлган айыптоолорго «Кытай лабораторияларындагы маалыматтарды атайылап жок кылуу, жаап-жашыруу же бузууга жол берген» деген айыптоолор кирет.

Кабарда Кытайда вирус тууралуу баа берген окумуштуулардын оозу басылганы жөнүндө маалымат бар.

Изилдөөнү жазган Далглейш жана Соренсен былтыр вакцина иштеп чыгууга аракет кылып жатып, вирустун ичинде вирусту башкарганда гана пайда болушу мүмкүн болгон «анык издерди» кездештиришкенин билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен Кытайдын биргелешкен иши менен, март айынын аягында чыккан коронавирустун келип чыгышы жөнүндө отчетто вирус жарганаттардан адамдарга башка жаныбар аркылуу жуккандыгы белгиленген.

Отчетто вирустун лабораториядан чыгып кетүү ыктымалдыгы «эң аз ыктымал» деп көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар