Тукуму жок болгону болжолдолгон ташбака түрү Галапагосто

Галапагос аралдарындагы ири ташбаканын бир кылым мурда тукум курут болгону болжолдолгон бир түргө таандык экендиги ырасталды.

1647791
Тукуму  жок болгону болжолдолгон ташбака түрү Галапагосто

Галапагос аралдарындагы ири ташбаканын бир кылым мурда тукум курут болгону болжолдолгон бир түргө таандык экендиги ырасталды.

ББСинин кабарына караганда ургаачы ташбака 2019 -  жылы Фернандина аралына болгон экспедиция учурунда табылган.

Окумуштуулар "Chelonoidis phantasticus" түрүнөн эркек ташбакананын калдыктары менен салыштыруу үчүн ургаачы ташбакадан үлгүлөрдү алышты.

Бул түр акыркы жолу флора жана фауналарды  кенен түрдө изилдөө үчүн Галапагос аралдарына барган Калифорния Илимдер Академиясы тарабынан 1906 -  жылы табылган.

Йель университетинин генетиктери жүргүзүлгөн тест жана салыштыруудан кийин ургаачы ташбаканын негизинен Фернандина ири ташбакасы деп да билинген "Chelonoidis phantasticus" түрүнөн экендигин белгилешти.

100 жаштан чоң экендиги болжолдолгон ири Фернандина ташбакасы Санта Круз аралындагы асыл  - тукум борборунда.



Тектеш кабарлар