Шырнакта коло дооруна таандык издер табылды

Тарыхый жибек жолуна өтө жакын жайгашкан аймакты коргоого алуу пландаштырылууда.

1611313
Шырнакта коло дооруна таандык издер табылды

Шырнакта бетине адам жана жаныбарлардын фигуралары түшүрүлгөн таштын сыныктары табылды.

Аймакта иликтөөлөрдү жүргүзгөн адистер бул фигураларды коло дооруна таандык деп божомолдошууда.

Археолог Эрдем Эрип: «Биз бул жерде коло дооруна таандык аска сүрөттөрүн кездештирдик. Бул аскадагы сүрөттөр көбүнчө Араб жарым аралында, Түндүк Африка жана Иран түздүктөрүндө көп кездешет, биз муну төөнүн фигурасынан улам айтып жатабыз. Анткени төөнүн үйдөштүлүшү коло дооруна туура келет»,-деди.

Идил районундагы Козлуча айылынын жанындагы аскада табылган фигуралар каттоого алынды.

Тарыхый жибек жолуна өтө жакын жайгашкан аймакты коргоого алуу пландаштырылууда.



Тектеш кабарлар