Эски планета "Theiaнын" бөлүкчөлөрү жердин борборунда болушу мүмкүн

Иликтенген 'Theia' аттуу планетанын миллиарддаган жыл мурда жер менен кагылышкандыгы жана бул кагылышуунун айдын жаралышына себеп болгондугу болжолдолууда.

1611360
Эски планета  "Theiaнын" бөлүкчөлөрү жердин борборунда болушу мүмкүн

 Окумуштуулар жер менен кагылышкан деп эсептелген жана иликтөөлөргө тема болгон 'Theia' планетасынын жердин борборунда болушу мүмкүн экендигин билдиришти.

Иликтенген 'Theia' аттуу планетанын миллиарддаган жыл мурда жер менен кагылышкандыгы жана бул кагылышуунун айдын жаралышына себеп болгондугу болжолдолууда.

Спутниктин берген карабына караганда АКШдагы Аризона штат университетинде иштеген окумуштуулар 'Theiaнын' бөлүкчөлөрүнүн планетабыздын борборунда болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Окумуштуулар планетанын тереңинде "LLSVP" деп аталган таш блогунун  бар экендигин жана "Theia" бөлүктөрү дагы ушул тоо блогунун чегинде деп болжолдошууда.

Сөзү болгон таш блокторунун бири Африканын астында, экинчиси Тынч океанынын тереңдигинде. Берилген билдирүүдө биздин планетанын өзөгүн курчап турган бул блоктордун башка тектерге караганда химиялык жактан айырмаланып жана дагы тыгыз экендиги баса белгиленди.

Бул кагылышуунун болжол менен 4,5 миллиард жыл мурун болгондугу жана эки планетанын өзөктөрү биригиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Кээ бир илимпоздор бул кагылышуу менен жер бетинде жашоонун пайда болушу үчүн зарыл болгон химиялык заттарды бөлүп чыгаргандыгын ырасташууда.



Тектеш кабарлар