17 миң 300 жылдык кенгуру сүрөтү

Археологдор 17 миң 300 жылдык кенгуру сүрөтүн кездештиришти.

1589163
17 миң 300 жылдык кенгуру сүрөтү

Австралияда асканын ичинен эң байыркы сүрөт табылды.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, археологдор абориген аска сүрөттөрү менен белгилүү Кимберли аймагында 17 миң 300 жылдык кенгуру сүрөтүн кездештиришти.

2 метрдик кенгуру сүрөтүнүн кызыл топурак боегу менен боёлгондугу айтылууда.

Батыш Австралия университетинин изилдөөчүсү др. Свен Оузман, кенгуру сүрөтүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы аралдардагы 40 000 жыл мурунку аска сүрөттөрүнө окшоштуруп маданий байланыш болушу мүмкүн экенин билдирди.

Бул сүрөттүн чоо-жайы "Nature Human Behavior" журналына жарыяланды.

Индонезиянын Сулавеси аралындагы үңкүрдө 45 миң 500 жыл мурун тартылгандыгы божомолдонгон, дүйнөдөгү эң байыркы айбанаттардын сүрөтү табылган болчу.



Тектеш кабарлар