Майыптардын коляскасында асман тиреген имаратка көтөрүлдү

37 жаштагы Чи-Вай «Нина» мунарасы деп аталган асман тиреген имаратка көтөрүлүп бара жатып, 250 метрден ашык бийиктикке жеткен.

1565282
Майыптардын коляскасында асман тиреген имаратка көтөрүлдү

Гонконгдо майып спортчу Лай Чи-Вай кайрымдуулук акциясынын алкагында майыптардын коляскасында асман тиреген имаратка көтөрүлдү.

37 жаштагы Чи-Вай «Нина» мунарасы деп аталган асман тиреген имаратка көтөрүлүп бара жатып, 250 метрден ашык бийиктикке жеткен.

«Тоого чыгып баратканда таштарды жана кичинекей тешиктерди кармай алам, бирок айнектин бетинде ишене турган бир гана нерсе - бул мен асылган жип»,-деп айткан спортчу, коопсуздук себебинен улам 300 метрлик имараттын чокусуна чыга алган жок.

Чи-Вай бул иш-чаранын алкагында чогулткан 671 долларын жүлүндөн жабыркаган бейтаптарга берет.



Тектеш кабарлар