ДСУнун илимий делегациясынын Кытайга кирүүсүнө уруксат берилбей жатат...

Гебрейесус кечээ Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун башкы кеңсесинде видео конференция ыкмасын колдонуп, 2021-жылдагы биринчи маалымат жыйынын өткөрдү.

1558402
ДСУнун илимий делегациясынын Кытайга кирүүсүнө уруксат берилбей жатат...

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору д-р Тедрос Адханом Гебрейесус, коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) келип чыгышын иликтей турган эл аралык эксперттерден турган илимий топтун Кытайга кирүүсүнө тыюу салынгандыгына абдан капа болгонун билдирди.

Гебрейесус кечээ Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун башкы кеңсесинде видео конференция ыкмасын колдонуп, 2021-жылдагы биринчи маалымат жыйынын өткөрдү.

Ушул аптада Кытайга Ковид-19дун келип чыгышын иликтөө үчүн барышы күтүлүп жаткан эл аралык илимпоздордун абалы жөнүндө айтып берген Гебрейесус:«Биз кытайлык чиновниктер делегациянын Кытайга келишине керектүү уруксат кагаздарын бүтүрө электигин билдик. Бул жаңылык мени аябай капалантты, анткени команданын эки мүчөсү (Кытайга) сапарын башташты, калгандары акыркы мүнөттө бара албай калышты», - деди.

Кытайдын жогорку даражалуу чиновниктери менен байланышта болгонун айткан Гебрейесус, вирустун келип чыгышын иликтөө миссиясы ДСУ жана эл аралык делегация үчүн артыкчылыктуу маселе экендигин Кытай бийлигине дагы бир жолу так билдиргенин айтты.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майк Райан, виза маселеси ДСУнун илимий делегациясынын Кытайга кирүүсүнө тоскоол болуп жатат деп билдирди.



Тектеш кабарлар