Жубайынын азасын күткөн ак куу поезд каттамдарын кечиктирди
Ак куулардын жубайларынын азасын күтүү үчүн өлгөн жерде калышы мындан мурда да байкалган.
Германияда жогорку ылдамдыктагы поезд жолунда рельстердин үстүндө аза күткөн бир ак куу 20 поезд каттамынын токтошуна себеп болду.
БиБиСинин түрк тилиндеги кабарларына караганда Фулдатал жакындарында болгон окуяда ак куулардан бирөөсү рельстердин үстүндөгү жогорку кубаттуулуктагы кабелге кысылып өлдү. Кырсыктан кийин өлгөн куунун жубайы астыңкы рельстерге түнөп, Кассель - Геттинген каттамын аткарган поездердин өтүшүнө тоскоол болду.
Немис медиасындагы кабарларга караганда өрт өчүргүч топтору электр кабелдерине кысылып өлгөн ак кууну алуу үчүн атайын каражаттарды колдонду. Рельстерде түнөгөн жубайы кармалып, Фулда дарыясынын жээгинде эркин койо берилди.
Полиция 23 - декабрда болгон жана коомчулукка жаңы билдирилген окуяда 23 поезддин 50 минутага чейин кечиккендиги белгиленди. Ак куулардын жубайларынын азасын күтүү үчүн өлгөн жерде калышы мындан мурда да байкалган.
Тектеш кабарлар
Жасалма интеллект менен үн жасоо...
OpenAI тарабынан компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.