Азербайжан : "Карабах келишимин Түркия да көзөмөлдөйт"

Азербайжан Армения менен түзгөн Тоолуу Карабах келишиминин көзөмөлүндө Түркиянын да орун аларын билдирди.

1525900
Азербайжан : "Карабах келишимин Түркия да көзөмөлдөйт"

Азербайжан Армения менен түзгөн Тоолуу Карабах келишиминин көзөмөлүндө Түркиянын да орун аларын билдирди.

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лейла Аблдуллаева Түркия менен Россиянын аймакта тынчтык күчү милдетин аткарарын айтты. Абдуллаева Армения менен Россиянын арачылыгында өткөн жумада кол коюлган келишимдин 5 -  беренесине токтолуп : «Келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн башкаруу борбору түзүлөт. Келишимде бир дагы өлкө көрсөтүлгөн эмес. Бул суроо белгисинин туулушуна себеп болушу мүмкүн  бирок аймакта турмушка ашырыла турган көзөмлдөө жана байкоо борборунда  Россия менен бирге Түркия да орун алат. Түркия да   ок атууну токтотуу пунктуна кириши керек ",- деди.  

Абдуллаева дайыма Азербайжандын жанында болгон Түркияга ыракмат айтты. Катчы Абдуллаева : «Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян кете турган болсо да  келишим өзгөрбөйт. Келишим боюнча Карабахтан чегинүү 20 күндүн ичинде акырына чыгат»,- деди.



Тектеш кабарлар