2000 жыл мурункуга таандык баш сөөктөн жандуу клетка табылды

Италиялык илимпоздор 25 жаштагы адамдын баш сөөгүнөн мээсинин бузулбаган клеткаларын табышты.

1503876
2000 жыл мурункуга таандык баш сөөктөн жандуу клетка табылды

 Италиялык илимпоздор Неаполинин чыгышында 2 000 жыл мурда Везувий жанар тоосу жарылган учурда өлгөндүгү аныкталган 25 жаштагы адамдын баш сөөгүнөн мээсинин бузулбаган клеткаларын табышты.

Италиялык илимпоздор  Неаполдун чыгышында таң калтырган бир ачылууну ишке ашырышты. Ачылуунун биздин замандын 79 – жылында вулкандык жарылуу учурунда күлгө көмүлгөн шаар Геркуланейде болгондугу билдирилди.

Изилдөө группасы жыгачтан курулган имаратта көмкөрөсүнөн жаткан бир жаш адамдын баш сөөгүнөн жагдуу мээ клеткаларын тапкандыгын билдирди.

Изилдөөнү жүргүзгөн Наполи II. Федерико университетинин соттук антропологу Пьер Паоло Петроне скелеттин жанында иштеп жатып, баш сөөктүн ичинен жаркыраган айнек сыяктуу нерсени көргөнүн айтты.

Бул жылдын башында Петроне жана анын кесиптештери бул жаркыраган материалдын маркумдун күндөн - күнгө ысыктан улам айнекке айланып, бузулбастан сакталып калган мээ клеткалары экендигин ортого чыгарганын айтышты.  



Тектеш кабарлар