Жапон компаниясы Ковид-19ду жок кыла турган аппарат иштеп чыкты

Колумбия университети менен биргеликте чыгарылган Care222,  254 нанометрдик толкун узундугу менен нур чыгарган салттуу аппараттардан айырмаланып, адамдарга зыянсыз 222 нанометр ультрафиолет нурун жаят.

1495551
Жапон компаниясы Ковид-19ду жок кыла турган аппарат иштеп чыкты

Жапониялык жеңил шаймандарды чыгаруучу Ушио компаниясы, адамдарга зыян келтирбестен коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жок кылган ультрафиолет (УК) нурларын жайган «Care222» деп аталган аппаратты чыгарды.

Колумбия университети менен биргеликте чыгарылган Care222,  254 нанометрдик толкун узундугу менен нур чыгарган салттуу аппараттардан айырмаланып, адамдарга зыянсыз 222 нанометр ультрафиолет нурун жаят.

Микробдорду өлтүрүүдө адамдарга зыян келтирбөөчү шайман тобокелдиги жогору автобустарды, поезддерди, лифттерди жана кеңсе чөйрөсүн дезинфекциялоо үчүн колдонулат.

Бөлмөнүн шыпына илинип турган Care222,  2,5 метрлик аралыкта вирустун жана бактериялардын 99 пайызын 7 мүнөттүн ичинде нейтралдаштырат.

Kиодо агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөдө биринчи болуп саналган шайман 222 нанометр толкун узундугу менен теринин бетине жана көзгө өтпөйт жана генетикалык кемчиликтерди жаратпайт.

Ушио, 222 нанометр ультрафиолет нурдун адамга зыянсыз экендигин Хиросима университети нейтралдуу сыноолордо тастыктаганын билдирди.

Салмагы 1,2 килограмм, баасы 300 миң иенден (2 миң 860 доллар) турган Care222 үчүн азырынча буйрутмаларды саламаттыкты сактоо мекемелери гана бере алат.



Тектеш кабарлар