Экзопланета табылды

Расмий аты K2-315b деп аталган, дээрлик жер менен бирдей көлөмдөгү планетага байланыштуу алгачкы белгилеп 2017 -  жылы Кеплер космостук телескобунун изилдөөсү учурунда табылган.

1495376
Экзопланета табылды

 Астрономдор жылдызды 3,14 күндө айланып өтүүчү экзопланетаны табышты.

Sciencealert сайтынын маалыматы боюнча, 186 жарык жыл аралыгындагы планета кызыл карлик жылдызынын айланасын айлануу убактысы иррационалдык туруктуу математикалык Пи санына окшош болгондуктан «Пи дүйнөсү» деп аталат.

Расмий аты K2-315b деп аталган, дээрлик жер менен бирдей көлөмдөгү планетага байланыштуу алгачкы белгилеп 2017 -  жылы Кеплер космостук телескобунун изилдөөсү учурунда табылган.

Кеплердин маалыматтарын изилдеген Массачусетс Технологиялык Институтунун (MIT) өкүлү Пражвал Нираула жетектеген топ планетанын бар экендигин Speculoos телескобу менен байкоо жүргүзүп тастыктады.

Жердин температурасы 177 градуска жеткендиги эсептелген жана жашоого ыңгайсыз экендиги болжолдолгон планета жөнүндө кеңири маалымат "Astronomical Journalда" жарыяланды.



Тектеш кабарлар