Сауд Арабияда 120 000 жылдык бут издери табылды

Сауд Арабиянын Тебүк аймагында 120 000 жыл мурункусунан калган адам жана жаныбар буттарынын изи табылды.

1493646
Сауд Арабияда 120 000 жылдык бут издери табылды

 Сауд Арабиянын Тебүк аймагында 120 000 жыл мурункусунан калган адам жана жаныбар буттарынын изи табылды.

Сауд Арабиянын туризм жана маданий мурас министрлиги комиссиясынын төрагасы Жасир ел Хербеш борбор шаар Риядда өткөргөн пресс  - жыйынында саудиялык археологдордун аймакта табылган эски жана суусу тартылган бир көлдүн айланасында адам, төө, пил жана жапайы жаныбарларга таандык бут издеринин табылгандыгын айтты.

Хербеш 7 адам, 108 төө, 43 пил менен бирге тоо эчкиси, кийик жана мүйүздүүлөргө таандык бир нече издин табылгандыгын белгиледи.

233 пилге жана жейренге таандык сөөктөр жана аймакта жырткыч жаныбарлардын болгондугу тууралуу далилдердин табылгандыгын айткан Хербеш буларды белгиледи : «Бул ачылуу Арап жарым аралындагы адам турмушунун эң эски жашоосу тууралуу алгачкы илимий далил катары каттоого өтүшү менен бирге аймактагы табигый турмуш шарттары менен биологиялык түрдүүлүк тууралуу да бир топ белгини берип турат».

2018 -  жылы да Тебүк аймагындагы Нефуд чөлүндө 85 000 жылдык адам сөөктөрү табылган.



Тектеш кабарлар