Бактериялар планеталардын арасында жүрө алышат

Бактериялардын космосто жылдар бою жашай алаары аныкталды.

1479583
Бактериялар планеталардын арасында жүрө алышат

Япон окумуштуулары тарабынан Эл аралык космостук станциянын (ISS) сырткы бетинде жүргүзүлгөн изилдөө, бактериялардын космосто жылдар бою жашай ала тургандыгын аныктады.

Окумуштуулар бул изилдөөнүн космостогу жашоо формаларынын планеталар арасында жер алмаштырышы мүмкүн экендигин көрсөткөнүн айтышты.

Япон окумуштуулары Эл аралык космостук станциянын (ISS) сырткы бетинде үч жылга созулган 'Tanpopo' деп аталган эксперимент жүргүзүштү.

Эксперимент учурунда "Deinococcus radiodurans" аттуу бактериянын космосто үч жылга чейин жашай алгандыгы аныкталды.

Изилдөөлөр микробдордун топтолуп Жер менен Марс же ааламдын кайсы бир жеринде жашай аларын жана саякаттай алаарын көрсөтүп турат.



Тектеш кабарлар